Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин тарыхы
Кош-Коргон айылындагы орто мектеп 1935-жылы колхоздоштуруу учурунда,ошол кездеги башкарма Байгубат уулу Сулаймандын демилгеси менен салынган. Мектеп кыргыз тилинде, 7жылдык болуп ишке 1936-жылы берилген. 1936-1960-жылдары айылдыгы балдарга билим берүүдө 6 мугалим эмгектенген.
Бирок 1960-жылы Кош-Коргон айылындагы мектеп жабылган.
Буга себеп коңшу айылдагы Кара-Дөбө орто мектебинин ачылышы болгон.
Айылдагы бардык балдар коңшу айылдыга мектептен окуп калышкан.
Кайра 1971-жылы Кош-Коргон айылына 8 жылдык мектеп ачылып,иштеп баштаган.
1985-жылы 10 жылдык орто мектеп болуп уюшулган. Окуу 2 нөөмөттө жүргүзүлгөн.
1998-жылы окуу имаратынын тардыгы,класс кабинеттердин жетишпегендигинен улам айылдагы бала бакчаны айылдык кеңештин депутатарарынын чечими менен мектеп кылып уюштуруп беришкен.
2010-жылы Кош-Коргон айылындагы орто мектеп ушул эле айылдын тургуну философия илимдеринин доктору,профессор Кыргыз Илимдер Академиясынын философия интитутунун директору Туйту Каракеевдин наамын алган.
Айылда мектеп уюшулгандан бери иштеген мектетин улуу педагогдору:
- Жумагулов Усенкул,
- Маликов Ниязбек,
- Алымкулов Аманжан,
- Бакасов Ильич,
- Жусупова Шайы,
- Ниязов Болот,
- Жапарова Бейшенбүбү,
- Мамыркулов Сабыраалы,
- Жумалиева Салиман