Туйту Каракеев атындагы орто мектеби Чуй району, Кош-Коргон айылы

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

2021-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин мектептин  бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. МГга бекитилбеген территорияда жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2021-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин жүргүзүлөт.

Мектеп  жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында  жашагандыгы документтик  түрдө аныкталат.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
  6. Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
  7. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  8. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).