Туйту Каракеев атындагы орто мектеби Чуй району, Кош-Коргон айылы

Биз жөнүндө

Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин тарыхы

Кош-Коргон айылындагы орто мектеп 1935-жылы колхоздоштуруу учурунда,ошол кездеги башкарма Байгубат уулу Сулаймандын демилгеси менен салынган. Мектеп кыргыз тилинде, 7жылдык болуп ишке 1936-жылы берилген. 1936-1960-жылдары  айылдыгы балдарга билим берүүдө 6 мугалим эмгектенген.
Бирок 1960-жылы Кош-Коргон айылындагы мектеп жабылган.

Буга себеп коңшу айылдагы Кара-Дөбө орто мектебинин ачылышы болгон.
Айылдагы бардык балдар коңшу айылдыга мектептен окуп калышкан.

Кайра 1971-жылы Кош-Коргон айылына 8 жылдык мектеп ачылып,иштеп баштаган.

1985-жылы 10 жылдык орто мектеп болуп уюшулган. Окуу 2 нөөмөттө жүргүзүлгөн.
1998-жылы окуу имаратынын тардыгы,класс кабинеттердин жетишпегендигинен  улам айылдагы бала бакчаны айылдык кеңештин депутатарарынын чечими менен мектеп кылып уюштуруп беришкен.

2010-жылы Кош-Коргон айылындагы орто мектеп ушул эле айылдын тургуну философия илимдеринин доктору,профессор Кыргыз Илимдер Академиясынын философия интитутунун  директору Туйту Каракеевдин наамын алган.

Айылда мектеп уюшулгандан бери иштеген мектетин улуу педагогдору:

  • Жумагулов Усенкул,
  • Маликов Ниязбек,
  • Алымкулов Аманжан,
  • Бакасов Ильич,
  • Жусупова Шайы,
  • Ниязов Болот,
  • Жапарова Бейшенбүбү,
  • Мамыркулов Сабыраалы,
  • Жумалиева Салиман