Нооруз
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жыңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Бул күнү адатта майрам болгон жерде апаларыбыз Умай Эне болуп, аластоо жөрөлгөсүн кылат:
Алас, алас, алас!
Ар балээден калас.
Жаңы жыл келди,
Нооруз келди!
Жер жаңырып, чөп чыкты,
Желин жарылып, сүт чыкты!
Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.
Оо, жараткан!
Жакшылыгыңды аяба!
Кампабызга дан толсун,
Дасторконубузга нан толсун.
Үлүшүбүзгө мал толсун.
Аксакалдарыбыз акылман болсун,
Байбичелерибиз мээрман болсун!
Келин-кыздар ыймандуу болсун,
Жигиттерибиз эр жүрөк баатыр болсун!
Өлкөбүздө тынчтык болсун!
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу!
Алас, алас, алас!
Комментарии