Соцпедагогдун кызматтык милдеттери
Элдештирүүчүнүн ролунда болуп, балдардын жашоосундагы бала
менен үй-бүлөнүн, мектептин, социалдык чөйрөнүн, укук коргоо
органдарынын ортосундагы актуалдуу маселелерди чечүүдө
балдардын кызыкчылыктарын коргойт;
-Социалдык сурамжылоолорду, балдардын жашоо
шарттарынын диагностикалык изилдөөлөрүн өткөрөт ;
-Окуучулардын инсандык психологиялык–медициналык педагогикалык өзгөчөлүктөрүн , анын микро чөйрөсүн жана жашоо шарттарын изилдейт;
-Конфликттүү кырдаалдарды , балдардын журум –турумундагы
кемчиликтерди аныктоо максатында үй-бүлөнү изилдейт;
-Балдардын жашоосун , ден-соолугун сактоо боюнча чараларды көрөт;
-Керектүү учурларда балдардын жеке документтерин калыбына
келтирүүгө жардам берет;
-Эсепке алуу иштерин жүргүзөт, социалдык кызматтын адистери
менен өз ара аракеттенет;